Жаңылыктар
25 , Авг, 11:51 5973

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: спирт ичимдиктер сатылбайт

image

Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү маалында Кырчын капчыгайында спирт ичимдиктерин ичүүгө жана аны сатууга тыюу салынат. Бул тууралуу Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев билдирди. Ал маалымдагандай, тиешелүү токтомду Темир жана Семёнов айылдык аймактарынын жергиликтүү кеңеши кабыл алды. 

Токтомдун аткарылышын милиция кызматкерлери менен ыктыярчылар көзөмөлгө алышы керек. Уккук коргоо органдарынын кызматкерлери ар бир унааны текшерет, буга жарандар түшүнүү менен мамиле кылуусу абзел. 

Көчмөндөр оюндары коопсуздукта жана жогорку денгээлде өтүүсүнө баардыгыбыз болгон күч аракетибизди жумшообуз зарыл, -деп билдирди Иманалиев.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Көп окулууда