Жаңылыктар
5 , Сент, 11:11 585

ДКО: Медалдардын саны боюнча Кыргызстан биринчи сапка чыкты

image

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында медалдардын саны боюнча Кыргызстан биринчи сапка чыкты. 4-сентябрда өткөн оюндардын жыйынтыгы менен өлкө куржунунда 43 медаль бар. Мунун 15и алтын, 15и күмүш, 8и коло. 

Экинчи орунга 24 медаль менен Россиянын командасы көтөрүлдү. Алар 11 алтын, 5 күмүш, 8 коло байгеге ээ болушту. Казакстан үчүнчү сапта турат. Боордоштордун куржунунда 32 медаль бар. Мунун 9у алтын, 9у күмүш, 14ү коло. Түркмөнстан 8 алтын, 3 күмүш, 7 коло байгелүү болуп, 18 медаль менен 4-орунга түштү. Бешилтиктин акыркы сабына Иран Ислам Республикасы чыкты. Алардын куржунунда 4 алтын, 1 күмүш, 3 коло болуп жалпы 8 медаль бар.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз