Жаңылыктар
5 , Сент, 13:34 495

ДКО: горештен кыргыз балбандар 3 медаль утту

image

“Ден соолукту чыңдоо борборунда” гореш боюнча мелдештер орун алды. Ага 14 өлкөнүн 32 балбаны катышты.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси


62 кг салмагына чейинки:


1-орун– Новруз Эйебердиев – Түркменистан – 70 миң сом;


2-орун – Алексей Абрамов – Россия– 35 миң сом;


3-орун – Евгений Бикташев – Россия – 17 миң 500 сом;


3-орун – Адилет Шалгынбек уулу – Казакстан - 17 миң 500 сом.


82 кг салмагына чейин:


1-орун – Режепгелди Гулынчниязов – Түркменистан- 70 миң сом;


2-орун – Руслан Табалдиев – Кыргызстан - 35 миң сом;


3-орун – Игорь Беслига – Молдова - 17 миң 500 сом;


3-орун – Георгий Канкава – Грузия - 17 миң 500 сом.


Абсолюттук салмак чен бирдиги:


1-орун – Ыбраимгулуев Арслан – Түркменистан - 70 миң сом;


2-орун – Тажигул уулу Байышбек – Кыргызстан - 35 миң сом;


3-орун – Амандык Абылай – Казакстан - 17 миң 500 сом;


3-орун – Рахимов Шерзод – Өзбекистан - 17 миң 500 сом.


Командалык эсеп
:


1-орун – Туркменистан (3 алтын медаль)


2-орун – Кыргызстан (2 күмүш медаль)


3-орун – Россия (1 күмүш жана 1 коло медаль)

Кошумчалай кетсек, түркмөн элинин улуттук күрөшү болгон гореш спорттук бел күрөшүнүн белгилүү бири түрү болуп саналат. Бул күрөштүн түп-тамыры эң илгерки убакка туура келет. Түркмөн элинин тарыхый булактарында бир гана эркектер эмес, аялдар дагы күрөштүн ыкмаларын билишкен деген маалыматты кезиктирүүгө болот.Атагы чыккан балбандар шыктуу окуучуларды тарбиялап, алардан палвандарды, т.а. күрөштүн устаттарын даярдашкан. Алар да өз учурунда топтогон тажрыйбасын кийинки өзүнүн окуучуларына өткөрүшкөн. Кылымдарды карыткан гореш күрөшү укумдан-тукумга берилип, азыркы күнгө чейин өзгөртүлбөстөн сакталып келди.

Гореште балбандар атаандаштын денесинин кандайдыр бир бөлүгүн, таманынан башка, килемге күч менен тийгизип, балл топтой алышат.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз