Жаңылыктар
5 , Сент, 0:06 497

Көкүрөккө дем берип, көк буу бүрккөн көк бөрү!

image

Көк бөрү боюнча Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстандын улуттук тайпалары өз тобунда биринчи орунду ээлеп, жарым финалга жолдомо алышты. Казакстан менен Красноярск, Өзбекстан менен Франция командалары ат майданында кезикти. Оюндар барган сайын кызыктуу болуп, ипподромго келген көрүүчүлөрдүн саны өстү. 

Күн сайын ат майданынын турибунасы көрүүчүлөргө толууда. Оюнга назар салуу үчүн жүздөгөн ат спортунун ышкыбоздору келди. Күйөрмандар оюнчуларды жигердүү сүрөп жатышты.

Казакстандык команда экинчи беттешинде АКШнын курамы менен кезикти. Америкалык спортчулар 9 упай алууга жетишти. Бирок боордоштор улакты 20 жолу атаандашынын тай казанына ыргытты.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз