Жаңылыктар
9 , Сент, 18:52 971

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдырууда эмгеги зор КТРКнын кызматкерлери

image

Ааламга көчмөн элинин алтын доорун, алп балбандарын, маданиятын, каада-салтын жана кол өнөрчүлүгүнө чейин тааныта алган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары да аягына чыкты. Ысык-Көл жергесинде 2-8-сентябрга чейин созулган Көчмөндөр оюндарында бир эле убакта бир нече спорт беттештери менен  маданий оюн-зооктору келген конокторго тартууланып жатты. 

Мындай, мамлекеттик жогорку деңгээлдеги иш-чара КТРКнын курамындагы каналдардын негизги техникалык жабдыктары аркылуу коомчулукка жеткиликтүү жана сапаттуу чагылдырылып жатты. 

Көчмөндөр оюндарынын спорт мелдештери КТРК СПОРТ каналы аркылуу түз алып берилип, ага каналдын жана техникалык жагын караган кызматкерлер жооптуу мамиледе иш алып барып,  беттештерди үзгүлтүксүз көрсөтүп беришти.

Ал эми, негизги маданий иш-чаралар өткөрүлгөн Кырчындагы салтанаттуу ачылуу жана жабылуу аземдерин, мындан тышкары күнүгө бир нече эфирди түз алып берип жаткан Маданият Тарых Тил каналынын кызматкерлери дагы күнү түнү сапаттуу эфир үчүн бар аракетин жумшашты. 

Көптүн бүйүрүн кызыткан Кырчындагы маданий оюн-зоокту, алп балбандардын алышууларын жана ат оюндарында болуп жаткан жаңылыктарды ыкчам баяндап көрсөтүүгө корпорациянын курамындагы Ала-Тоо 24 каналынын кабарчылары да тартылып, күнүгө бир нече ирээт түз байланышка чыгып, маалымат берип турганга үлгүрүштү.

Көчмөндөрдүн көрөңгөлүү оюндары журтчулукка бир гана сыналгы аркылуу эмес, КТРКнын курамындагы Биринчи радио жана Кыргыз радиосу аркылуу дагы байма бай уктурулуп жатты. 



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз