Жаңылыктар
26 , Окт, 10:15 231

Бакай-Атада веложарыш уюштурулду

image

25-октябрда Бакай-Ата районунун Кызыл-Сай айылында быйылкы Аймактарды өнүктүрүү жылына жана жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата спорт сүйүүчү ардагерлердин веложарышы уюштурулду.

Маалыматка караганда, жарышка 50 жаштан жогорку курактагы адамдар катышты. Алар айылдагы унаа жолго чыгып, жол коопсуздугун камсыздоочу кызматкерлердин, дарыгерлердин коштоосунда 7 км аралыкка барышты. Жыйынтыгында 60 жаш курактагы Мырзабек Тоялиев биринчи болуп келди. Андан кийин 55 жаштагы Сүйналиев Жаныбек 2-орунга, 58 жаштагы Кенжебаев Корукбек 3-орунга татыктуу болду.

Алдыңкы орундарга ээ болгондорго Бакай-Ата райондук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын грамотасы жана 500 сомдон сыйлык берилди. Башка катышуучулар дагы акчалай кызыктыруучу сыйлыктарга ээ болушту.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Көп окулууда