Жаңылыктар
30 , Окт, 14:52 110

Краковецкий эл аралык турнирде коло медаль тагынды

image

Кыргызстандык спортчу Юрий Краковецкий Бириккен Араб Эмирлигинде өткөн "Grand Slam Abu Dhabi 2018" эл аралык турниринде коло медаль тагынды. Турнир 27-29-октябрь күндөрү Абу-Даби шаарында өтүп, анда Краковецкий 100 кгдан жогорку салмак ченинде күч сынашкан. 

Ал чейрек финалда орусиялык балбанга утулуп калган. Коло байге үчүн беттешке анын каршылашы, израилдик дзюдочу белгисиз себептер менен килемге чыкпагандыктан Краковецкий жеңүүчү аталган.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз