Жаңылыктар
3 , Дек, 12:32 760

Фархат Мусабеков: 7 айлык болуп төрөлгөм

image

Футбол менен канча жашыңдан баштап машыга баштадың?

-8 жашымда Бишкектеги "Сельмаш" стадионундагы футбол ийримине бара баштадым. Досум Кайрат Жыргалбек уулу менен чогуу футбол ойноп жүрдүк. Кышкысын күндүн суугуна карабай машыгууларды өткөрдүм. Анткени футболду сүйчүмүн. Ал эми азыркы деңгээлге чыгышыма ата-энем себепкер.Өзүм 7 айлык болуп төрөлгөм. Адам болуп чоңоюшума алардын эмгеги зор. 

Япония-Кыргызстан курамаларынын жолдоштук оюнунан өзүңө кандай сабак алдың?

-Япония өнүккөн өлкө. Экономикасы күчтүү. Алардын футболу да биздикине салыштырмалуу бир топ жогору. Мага сабак болгону, алардын оюнчуларынын пас берүүдөгү ой жүгүртүүсү башкача экен. 

Эгер сыр болбосо айлык маянаңыз канча?

-Ал сыр бойдон кала берсин.

Япониядан ири эсепте утулган соң, азыркы тапта Кыргыз курамасынын психологиялык абалына кандай баа бересиз?

-Азияга жолдомо алганыбыз баарыбызды шыктандырды. Ички абал эң сонун. Машыктыруучу Крестинин баарбызды шыктандырып турат. Ар бирибизге ишенет. Жолдоштук оюндар бизди чөктүрбөйт. Тескерисинче жеке каталарыбыздын үстүнөн иштөөгө түртөт.




Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз