Жаңылыктар
11 , Дек, 14:50 202

Аксыда каратэ-до боюнча эл аралык мелдеш өттү

image

Аксы районунда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын утурлай өспүрүмдөр арасында каратэ-до боюнча эл аралык мелдеш болуп өттү. 

Маалым болгондой, мелдешке өлкөнүн аймактарынан жана Казакстандан келген 250дөн ашык спортчу катышты.

«Мелдешке Алма-Ата шаарынан «WSKF» командасы, Бишкек шаарынын, Ош облусунун командалары, Кара-Балта шаарынын «Барс» командасы, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын командалары, Улуттук каратэ-до федерациясы жана Аксы районундагы «Сетокан каратэ-до интернешнл» федерацияларынын спортчулары катышты. Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө кубоктор, дипломдор жана баалуу белектер тапшырылды», - дейт Аксыдагы «Сетокан каратэ-до интернешнл» федерациясынын президенти Бообек Нурматов.

Аксы райондук каратэ-до федерациясы 2 жыл мурун түптөлсө, учурда анда 200гө жакын өспүрүм машыгат.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз