Жаңылыктар
21 , Дек, 15:40 230

Ак-Талаанын 4 балбаны эркин күрөштөн облустук биринчиликте медаль алышты

image

Ак-Талаа районунун 4 балбаны эркин күрөш боюнча өткөн облустук биринчиликте алдыңкы орундарды багындырышты. 

Маалым болгондой, Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата чоңдор арасында өткөн мелдеште 57 килограмм салмактагылар арасында Абдысатар уулу Моңолдор менен Аскарбек уулу Максат 3-орунду алса, ал эми 97 килограмм салмактагылар арасында Каныбек Абдулхаиров 1-орунду камсыздады. 

Ал эми 120 килограмм салмактагылар арасында Эрмек Абдулхаиров 1-орунду ээледи. Жеңүүчүлөр диплом, медаль жана акчалай сыйлык менен сыйланышты.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз