Жаңылыктар
25 , Дек, 10:57 2509

Бүгүн Кыргызстан - Катар курамалары жолдоштук беттеш өткөрөт

image

Бүгүн, 25-декабрда футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы Азия Кубогуна даярдануу максатында Катар курамасы менен жолдоштук беттеш өткөрөт. Белгилүү болгондой, улуттук курама команда 7-декабрдан тарта Катардын Доха шаарында окуу-машыгууларын өткөрүп жатат.

Анын алкагында курама команданын 3 жолдоштук беттеши пландалган. Буга чейин 20-декабрда Кыргызстандык футболчулар Иордания менен беттешип, 1:0 эсебинде жеңип алса, бүгүн Катар курамасы менен ойноп, ал эми 31-декабрда Палестина менен беттешет. 

Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 23:00 болот. Эске салсак, Азия Кубогу 2019-жылы 5-январь-1-февраль аралыгында Бириккен Араб Эмираттарында өтөт. Анда тайпалык баскычта Кыргызстандын улуттук курама командасы Түштүк Корея, Кытай жана Филиппин курамалары менен кездешет.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз