Жаңылыктар
25 , Дек, 10:59 3519

Кыргыз спортчулар таэквондо боюнча эл аралык мелдеште жеңишке жетишти

image

Кыргызстандыктар "Temirtau Open" аталышындагы таэквондо боюнча эл аралык мелдеште жеңишке жетишти. Таэквондо боюнча федерациядан маалымдагандай, мелдеш Казакстанда өттү. 

Жеңиш үчүн бир канча жаш өзгөчөлүк боюнча 300дөн ашуун спортчу ат салышты. Кыргызстандын атынан 30дан ашык спортчу катышты. Биринчиликти Жолдубай Бариков, Адина Ромова, Гүлшаир Акматкулова, Данияр Курманбаев, Бурул Султанкулова жана Кудайберген Султанкулов багындырды. Мындан тышкары жердештерибиз күмүш жана коло медалдарга ээ болушту.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз