Жаңылыктар
3 , Янв, 16:35 1858

Кыргызстандык үч жаш хоккейчи канадалык клубга чакыруу алды

image

Мындай маалыматты Хоккей федерациясынан билдиришти. Үч оюнчу былтыр болгон эл аралык мелдештерде жакшы оюн көрсөткөндүктөн, чет элдик клубдар кызыгуусун билдирип, сунуш түшкөн. 

Канадалык клубдун чакыруусун алган балдар он жашка толо элек. Эскерте кетсек, Кыргызстандын балдардан турган курама командасы декабрда Канаданын Торонто шаарында өткөн мелдешке катышып, "Жеңишке болгон эрдиги жана эрктүүлүгү" деген сыйлыкка татышкан.



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз