Жаңылыктар
16 , Янв, 9:57 306

Өрүктү-Сай айылынын футбол боюнча чемпионаты жыйынтыкталды

image

Борбор калаа Бишкекте, 14-январга белгиленген Ала-Бука районуна караштуу Өрүктү-Сай айылынын футбол боюнча кышкы сезондун чемпионаты жыйынтыкталды. Чемпионатка жалпы 11 команда катышып, жашыл майсаңда жеңиш үчүн мыкты оюн көрсөтүштү. Адегенде чүчү кулак кармашып «А» жана «Б» тайпасына төмөнкү командалар туш келди. 

«А» тайпасы: 

1. 2000-жылкы жигиттер
2. 1993-жылкы жигиттер
3. 1992-жылкы жигиттер
4. 1994-жылкы жигиттер
5. 1999-жылкы жигиттер
6. 1997-жылкы жигиттер
«Б» тайпасы: 
1. 1995-жылкы жигиттер
2. 1996-жылкы жигиттер
3. 1989-жылкы жигиттер
4. 1991-жылкы жигиттер
5. 2002-жылкы жигиттер
Тайпалык оюнда ар бир команда бири-бири менен күч сынашып беттешишти. Беттештин соңунда футболдун эрежесине ылайык уткан команда өз эсебине 3 упай топтоп алдыга умтула берди. Ал эми утулган команда 0 упай болсо, тең чыгууга 1 упай берилди. Мына ошентип ар бир беттеш кызыктуу, чабуулдарга, голдорго бай өтүп жатты. Тайпалык оюндардын жыйынтыгы боюнча жарым финалга көп упай топтогон 4 команда суурулуп чыкты. 
«А» тайпасынан
1. 1994-ж жигиттер – 13 упай
2. 1997-ж жигиттер – 13 упай 
Б» тайпасынан
1. 1995-ж жигиттер - 12 упай
2. 1989-ж жигиттер – 9 упай 
Накта күрөш жарым финалда уланды. «А» жана «Б» тайпасынан чыккан 4 команда финалда ойноо үчүн жашыл майсаңга чыгышты.
Жарым финалда
1994-ж жана 1989-ж кез келип 5-2 эсебинде аяктады. 
1995-ж жана 1997-ж беттеши 3-0 эсебинде жыйынтыкталды. 
Финалдык оюндар 
1-2-орун үчүн 1995-ж менен 1994-ж ойноп 3-2 эсебинде соңуна чыкты. 
3-4-орун үчүн 1989-ж менен 1997-ж ойноду. Эсеп 0-1 менен бүттү. 
Мына ошентип чемпиондорду аныктадык. Оюндун жыйынтыгында: 
1-орунга 1995-ж мыкты команда деп табылып кубок менен сыйланды жана чемпионатта 22 гол киргизип мыкты чабуулчу-бомбардир болгону үчүн Азамат Абдысаматовго футболдук форма белекке берилди. 
2-орунга 1994-ж команда татыды. Мыкты дарбазачы болуп, 3 гана гол өткөргөн Мырза Акылбековго да футболдук форма белекке берилди. 
3-орун 1997-ж команда
4-орун 1989-ж команда
Алдыңкы мыкты 3 чабуулчу-бомбардирлер:
1. Азамат Абдысаматов (1995-ж) 22 гол
2. Темирбек Миталипов (1994-ж) 15 гол
3. Элдияр Атабеков (1995-ж) 15 гол
Эми командалар жазгы сезонго даярдык көрө башташат. Ал арада айрым командалардын достук беттештери өтүп турмакчы. 
Футбол – спорттун эң популярдуу жана кирешелүү түрү. 
Спорт – бул сергек жашоо. 
Демилгечилер жана уюштуруучулар 1989-жылкы Өрүктү-Сай айылынын жигиттери.

Курманбек Ниязбеков

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз