Жаңылыктар
5 , Май, 23:26 1500

Кыргыз спортчуларынын Азия чемпионатында алып келген жеңиштери

image

Кыргыз спортчуларынын дагы бир ири жеңиши. Кытайдын Сиань шаарында өткөн Азия биринчилигинен биздин балбандар 8 медаль менен кайтышты. 

Анын ичинен аялдар күрөшү боюнча Айсулуу Тыныбекова алтын медалдын ээси болуп, үчүнчү жолу Азия чемпиону аталды. Грек-рим күрөшү боюнча балбан Үзүр Жсупбеков да атаандаштыранын бардыгын жеңип, алтын медаль утту. 

Мындан сырткары биздин команданын эсебинде 1 күмүш жана 5 коло бар. 

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз