Жаңылыктар
21 , Янв, 14:21 602

Азия кубогу: Кыргызстан менен БАЭнин футболчулары күч сынашат

image

Футбол боюнча Азия биринчилигиндеги беттештердин алкагында бүгүн, 21-январда Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын футболчулары күч сынашат. Таймаш Абу-Даби шаарындагы «Шейх Зайед» стадионунда Бишкек убактысы боюнча 23:00дө башталат. 

Эске салсак 20-январда финалдын сегизден бир бөлүгү старт алды. Андан утуп чыккандар чейрек финалда ойношот. Ал арада социалдык тармактарда кыргызстандык футболчуларды колдогон алга ак шумкарлар деген аталышта флешмоб өтүүдө. 

Беттешти КТРК жана КТРК Спорт каналдары түз алып көрсөтөт.

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Илгиз Жамалбеков, "Биринчи радио"



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз