Жаңылыктар
24 , Янв, 10:51 2024

Футболчу Мурзаевдин голу “мыкты гол” аталышы мүмкүн

image

Футболчу Мурзаевдин голу “мыкты гол” аталышы мүмкүн. Азия кубогунун жарым чейрек финалдык бөлүктөгү оюндарынын эң мыкты голуна добуш берүү жүрүүдө. Бул үчүн Азия футбол конфедерациясы алты голду тандап алды. 

Алардын арасында Кыргызстандын чабуулчусу Мирлан Мурзаевдин Бириккен Араб Эмирлигинин дарбазасына киргизген голу да бар. Мурзаев 21-январдагы оюнда каршылаштын дарбазачысын алдап өтүп, топту таамай багыттап, эсепти 1:1 кылган эле. Бул оюнда Кыргызстан талаа ээлерине 3:2 эсебинде утулуп калган. Добушка коюлган алты голдун арасында арабдардын Кыргызстанга киргизген голу да бар. Анда чабуулчу Али Мабхут дарбазачы Кутман Кадырбеков менен жекеме жеке калып, өз аракетин голго айланткан. Добуш берүү Азия конфедерациясынын расмий сайтында жүрүүдө. Азырынча Вьетнам оюнчусу Нгуен Конг көбүрөөк добуш менен алдыда келе жатат.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз