Жаңылыктар
24 , Янв, 18:08 1351

Сооронбай Жээнбеков футболчуларга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

image

Бишкек шаарына заманбап футбол стадионун куруу керек. Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков футбол боюнча Улуттук курама команданын оюнчуларына жана машыктыруучуларына мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу учурунда  билдирди. Мамлекет башчы ошондой эле өзгөчө көңүлдү футболду өнүктүрүү программасын иштеп чыгууга бурду. 

Кыргызстан ФИФА рейтингинде чоң секирик жасап, 91-орунга чыкты. Мындай ийгиликтин артында чоң эмгек тургандыгына токтолгон, Президент Сооронбай Жээнбеков Азия Кубогуна катышуу команданын  чеберчилигин өнүктүрүүгө жана эл аралык беттештерди кабыл алууга чоң мүмкүнчүлүк берээрине ишеним артты. 

КР Президенти Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдагы футбол боюнча Азия кубогунда чоң жетишкендиктери, дене тарбиясын жана спортту өнүктүрүүгө, республиканын квалификациялуу спортсмендерин даярдоого кошкон зор салымы жана футболго чексиз берилгендиги үчүн “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Ага ылайык,  Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов “Даңк” медалы, Кыргыз Республикасынын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин “Данакер” ордени жана “Дордой” спорт клубунун президенти Аскар Салымбеков III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланышты.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын футбол боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Азамат Байматов, Валерий Кашуба, Валерий Кичин, Виталий Люкс, Мирлан Мурзаевге “Даңк” медалы ыйгарылса, Кыргыз Республикасынын футбол боюнча улуттук курама командасынын врачы Нурбек Исмаиловго “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы” деген ардактуу наам берилди.

Кыргыз Республикасынын футбол боюнча улуттук курама командасынын тактика боюнча машыктыруучусу Игорь Кудренко “Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер” наамына татыды.

Кыргыз Республикасынын футбол боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Эдгар Бернхардт , Жыргалбек уулу Кайрат, Антон Землянухин, Ахлидин Исраилов, Павел Матяш, Павел Сидоренко, Азиз Сыдыков, ДениэлТего Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасын алышты. Команданын башка мүчөлөрү Одилжон Абдурахманов, ЭржигитАкаев, Калысбек Акималиев, Айзар Акматов, Азамат Алыкулов, Асан уулу Айткожо, Муролимжон Ахмедов, Игорь Бабынин, Эрнист Батырканов, Дмитрий Гуреев,  Закир Джалилов, Бахтыяр Дуйшобеков, КутманКадырбеков, Тамирлан Козубаев, Виктор Майер, Фархат Мусабеков, Канат Ракишев, Турсунали Рустамов, Бекжан Сагынбаев, Владимир Сало, Талант Самсалиев, Павел Синегубов, Евгений Фролов, Николай Южанин, Мустафа Юсупов Кыргыз Республикасынын президентинин энчилүү сааттары менен сыйланышты.

Гүлбүбү Үсөнова, "Биринчи радио"

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз