Жаңылыктар
13 , Май, 9:37 259

Кыргыз курамасы Азия чемпионатынын тандоо турунда Ирак, Ливан жана БАЭ менен ойнойт

image

Кыргызстандын 16 жашка чейинки курама командасы Азия чемпионатынын тандоо турунда Ирак, Ливан жана Бириккен Араб Эмираты менен ойнойт.

Жалпысынан Азиядагы 52 команда 11 топко бөлүнүп, Кыргызстан F группасына туш келди.

Кыргыз жаштары өзүнүн оюндарын 2019-жылдын сентябрь айында Бишкекте өткөрүшөт.

Тандоо турунун жыйынтыгы боюнча Азия биринчилигине 16 курама команда өтөт – өз группасында биринчи орунду ээлеген 11 команда жана экинчи орунду ээлеген 5 мыкты команда.

Азыркы учурда бул куракта Азия чемпиону - Япония. Алар 2018-жылы финалда Тажикстанды утуп алган.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз