Жаңылыктар
30 , Янв, 10:45 1969

Футбол федерациясынын президенти 9-февралда шайланары белгилүү болду

image

9-февраль күнү Бишкекте Футбол федерациясынын президенти шайланат. Бул тууралуу уюмдун маалымат кызматы билдирди. Бул күнү борбор калаада уюмдун конференциясы өтүп, ага аймактагы өкүлдөр катышат. Иш-чарада президенттикке талапкерлер аныкталып, алар өз программаларын сунуштап, андан соң шайлоо процедурасы өтөт. 

Эске салсак, федерациянын учурдагы жетекчиси Семетей Султанов 10-январь күнү кызматтан кетүү ниетин жар салган. Бирок ал 9-февралга чейин федерацияны башкара бермекчи. Буга чейин Семетей Султанов Азия футбол конфедерациясынын вице-президенттигине талапкер болуп жатканы айтылган. 

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.     

Илгиз Жамалбеков, "Биринчи радио"



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз