Жаңылыктар
1 , Фев, 16:06 536

Кайрат Жыргалбек уулуна россиялык клубтардын бири көз салууда

image

Кураманын оюнчусу Кайрат Жыргалбек уулуна россиялык клубтардын бири көз салууда. Өздүк маалымат булактарыбыздын билдиргенине караганда, Кыргыз курамасынын коргоочусу В.Кичиндин агенти Кайратты россиялык командалардын бирине чакырган. Эгер ал сунушту кабыл алып бара турган болсо, анда оң канаттагы коргоочунун ордуна ойнойт. Расмий эмес маалыматтарга караганда, Кичиндин агенти Кайратка, клуб менен түзүлгөн келишимди бузуп, аларга эркин агент катары келишин сунуштаган.

Кайрат Жыргалбек уулуна кайрылганыбызда, ал бул маалыматты четке кагып, Кичиндин агентин тааныбастыгын билдирди.

Мындан башка дагы бир оюнчу Фархат Мусабековго өзбекстандык клубтардын бири көз артууда. Бирок бул тууралуу расмий маалымат жок.

Буга чейин Азамат Байматов тууралуу да сөздөр чыкканда, ал "Дордой" клубуна өтпөй турганын айтып, маалыматты четке каккан. Бирок декабрь айында Азамат Байматов аталган клубтун оюнчусуна айланды.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз