Жаңылыктар
3 , Фев, 0:08 5042

Кыргызстанда хоккейдин өнүгүүсү жана алдыдагы мелдешке даярдык

image

Кыргыз хоккейинин жаралуусу 20-кылымдын 50-жылдарына барып такалат. Ошол жылдары хоккейдин шайба менен ойнолуучу түрү кенен жайылган. 

Көп өтпөй, 60-жылдары Кыргыз ССРинин курамы 1962-жылы өткөн кышкы спартакиадага катышкан. Улуттук курам союздун тутумуна кирген 8 команда менен беттеш өткөрөт. Атаандаштардын экөөнү утат, 2 жеңиш тең Армениялык курам менен болгон беттештер эле. Турнирдин кийинки турунда 5:0 эсебинде жеңилип, мекенине кайткан.

Союз ыдырагандан кийин кыргыз хоккейинин деңгээли кыйла солгундай түшкөн. 21-кылымдын алгачкы жылдарында өлкөдө хоккей командалары жаңыдан курала баштады. 

Кыргыз спортчуларын эл аралык деңгээлге алып чыгуу үчүн хоккей федерациясы түзүлдү. 2011- жылы Кыргызстандын хоккей федерациясын Эл аралык хоккей федерациясы таанып, тизмеден орун алды.

Хоккей көп каражатты талап кылуучу спорттун түрүнө кирет. Оюнчунун кийими, бардык шаймандары миң долларга жакын каражатты чапчыйт. Дарбазачыныкы мындан да кымбатыраак. 

Спорттун бул түрүн өнүктүрүү үчүн оюнчуларды бала кезинен тарбиялоо максаты коюлган.

Дүйнө биринчилигине тандап алуу турунда Кыргызстандын атаандаштары - Гонконг, Босния жана Герцеговина, Бириккен Араб Эмирлиги, Кувейт жана Таиланддык командалар болмокчу. Улуттук курамдар өз ара бир айлампа беттеш өткөрүп, жеңген команда 3-дивизиондо ойноо үчүн жалгыз жолдомого ээ болот.

31-мартта турнирдин биринчи турунда Кыргызстандык курам Кувейттик спортчулар менен кезигет. Айта кетсек, кувейттиктер менен биздин улуттук курам буга чейин үч жолу беттеш өткөрүп, 2 утуш 1 утулуу менен жыйынтыкталган. 

Ошондой эле Таиланд жана Эмираттын курамдары менен болгон беттеште кыргызстандын спортчулары жеңилген эмес. Калган атаандаштары менен алгачкы жолу күч сынашат.





Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз