Жаңылыктар
12 , Фев, 10:15 1240

Жумгал районунда элди ынтымакка чакырган хоккей боюнча мелдеш өттү

image

Нарындын Жумгал районундагы Байзак айылында спорттун хоккей түрүн өнүктүрүүгө карата мелдеш уюштурулду. Ага жалпы алты команда катышып, күч сынашты. Ынтымакты чыңдаган оюнга 18 жаштан 50 жашка чейинкилер жаш курагы боюнча командаларга бөлүнүп, беттешке чыгышкан. 

Салтка айланган оюнду айылдын 1987-жылы туулган балдары уюштурушкан. Мелдеш мыкты деңгээлде өтүп, бүйүрдү кызыткан көрүнүштөр орун алды. Хоккейдин мекени аталган Жумгал району бул спорттун түрүн өнүктүрүү жана жайылтуу иш-чараларын ар дайым өткөрүп келишет.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз