Жаңылыктар
23 , Фев, 11:27 1809

Нарында ушу саньда боюнча облустун ачык чемпионаты башталды

image

Бүгүн, 23-февралда Нарын шаарында спорттун ушу саньда түрү боюнча Нарын облусунун ачык чемпионаты башталды. Бул тууралуу машыктыруучу Болот Асанакунов аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, чемпионатка Жалал-Абад, Ош, Ысык-Көл, Талас, Нарын, Баткен, Чүй облустарынан жана Бишкек шаарынан 150гө жакын спортчулар катышат. 2 күнгө созула турган мелдеште 27 кг салмактан баштап 100 кг салмакка чейинки мектеп окуучулары күч сынашат. Жеңүүчүлөр кубок, медаль жана грамоталар менен сыйланышат.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз