Жаңылыктар
23 , Фев, 11:29 1746

Нарында жапайы канаттууларга 1 тонна тоют чачылды

image

Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан облус аймагындагы жапайы канаттууларга 1 тонна тоют чачылды. Бул тууралуу аталган өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка караганда, Нарын облусунун аймагында жапайы жаныбарларды сактоо, көбөйтүү жана алардын жашоо чөйрөсүн кеңейтүү максатында биотехниялык иштер жүрүүдө. Иш-чаранын алкагында облус аймагында байырлаган жапайы канаттууларга (кекилик, чил жана башка) жалпысынан 1 тонна тоют (арпа) чачылды.

Мындай иш-чаралар Нарында жыл сайын өткөрүлүп турат.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз