Жаңылыктар
26 , Фев, 15:26 2172

Кыргызстандык спортчу Дастан Шаршеев дүйнө чемпиону болду

image

Кыргызстандык спортчу Дастан Шаршеев россиялык мушкер Алексей Додоновду утуп, кикбокстун WBKF версиясы боюнча дүйнө чемпиону болду. 25-февралдын кечинде Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт сарайында, кикбокс боюнча Max Pro K1 эл аралык турнири өттү. Шаршеев кеченин башкы беттешинде россиялык Алексей Додонов менен күч сынашкан. Натыйжада экинчи раундда атаандашын нокаутка учуратты. Эске салсак, бул турнирде кыргызстандык дагы эки спортчу жеңишке жетти. Алар кыздар арасындагы мелдеште өзбекстандык атаандашып уткан Шахриза Халилова менен казакстандык спортчуну жеңген Рустам Ибрагимов болду.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз