Жаңылыктар
12 , Март, 17:08 530

Волейбол: эркектер арасында өлкө чемпионатынын экинчи айлампасы өттү

image

4-марттан 10-мартка чейин Газпром ден соолукту чыңдоо спорт комплекси (Бишкек шаары) менен Каба уулу Кожомкул атынагы спорт ордосунун оюн талааларында Жогорку жана Улуттук Лиганын эркектер арасындагы клубдар ортосунда Кыргыз Республикасынын XI чемпионатынын экинчи туру болуп өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Экинчи турдун жыйынтыгы менен финалда ойной турган командалар менен катар эле лигадагы ордун сактап калуу үчүн күрөш жүргүзө турган кошуундар белгилүү болду. Улуттук лигада мелдештик жадыбал төмөкүдөй:

  1. «Жаңы-Муун»
  2. EREM
  3. «Сулайман-Тоо»
  4. «Улар»
  5. «Ош Бажы»
  6. «Ош Отор»
  7. «Салам-Алик»
  8. «Теңир-Тоо».

Ошентип «Жаңы-Муун», EREM, «Сулайман-Тоо» жана «Улар» клубдары үчүнчү турда чемпиондук үчүн оюн алып барса, «Ош Бажы», «Ош Отор», «Салам-Алик» жана «Теңир-Тоо» кошуундары Улуттук лигада калуу үчүн күрөш жргүзөт.

Үчүнчү тур айлампа системасында өтүп артта калган эки турдун жыйынтыгы эске алынбайт.

Ошондой эле Жогорку лиганын жадыбалдык абалы төмөнкүдөй:

  1. «Бүркүт»
  2. «Аксы»
  3. «Билим»
  4. «Университет»
  5. «Энергетик»
  6. «Сары-Өзөн»
  7. «БАПА-Барскоон»
  8. «Кадамжай»
  9. «Ала-Бука»
  10. «Салам-Алик U-17».

Жогорку лигада дагы, алдыңкы беш кошуун лиганын чемпиондугу жана Улуттук лигага берилүүчү эки жолдомо үчүн күрөш жүргүзсө, ылдыйкы бешөө Жогорку лигада калуу үчүн оюн алып барат.

Үчүнчү турдун жыйынтыгы менен I, II, III орунду ээлеген кошуундар менен оюнчулар Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын тиешелүү деңгээлдеги медаль жана диплому менен сыйланат. 

Чемпионат Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан Волейбол федерациясы менен биргеликте өткөрүлүүдө. Дирекциянын бюджетинен 185 миң сом каралган.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз