Жаңылыктар
18 , Июль, 17:42 317

Дүйнөлүк интеллектуалдык олимпиадада кыргызстандык спортчулар 7 медалга ээ болушту

image

 Чехияда өтүп жаткан дүйнөлүк интеллектуалдык олимпиадада кыргызстандык спортчулар 7 медалга ээ болушту.  

Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди. Пардубице шаарында өтүп жаткан мелдешке Кыргызстан Австрия, Германия, Израил, Казакстан, Пакистан, Польша, Швейцария жана Чехиянын спортчулары катышууда.  

Бүгүнкү күндө Республиканын курамасынын байге куржунунда 4 алтын, 2 күмүш жана 1 коло медаль бар. Мелдештин "стандарт" дисциплинасы боюнча Анарбек Джамакеев биринчиликти багындырса, Айзада Бактыбекова экинчи орунга илинген.  Жаштар арасындагы Тогуз коргоол боюнча мелдеште Марлис Дуулатбеков казакстандык спортчуну утуп, турнирдин чемпиону аталды. 

Ал эми, овари турниринде 1-орунга Алтынай Шамбетова, 2-орунга Азиза Жамансартова, 3-орунга Айзада Бактыбекова илинди.  Мангала оюнунда Азиза Жамансартова дагы  биринчиликти утуп алды.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз