Жаңылыктар
4 , Авг, 19:59 553

Антонина Шевченко атаандашын эсин жоготкуча муунтуп утуп алды

image

Кыргызстандык мушкер Антонина Шевченко 3-августта UFC уюмундагы үчүнчү беттешине чыгып, чехиялык Люси Пудилованы утуп алды. Беттеш эки раунд менен аяктады. Шевченко кашы жарылганына карабай, муунтуу ыкмасын колдонуп жеңишке жетти. 

Атаандашы эсин жоготкондо, калыс беттешти токтотууга аргасыз болгон. Чехиялык спортчу бир аздан кийин өзүнө келген. Ал эми UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко бир тууганы Антонина Шевченкону Ньюарк шаарында өткөн турнириндеги жеңиши менен куттуктап, Instagram баракчасына жазды. Ал таймаш учурунда эжесине күйөрмандык кылып турган.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз