Жаңылыктар
7 , Авг, 11:56 653

Эгемендүүлүк күнүнө карата Ысык-Көлдө ат оюндары өтөт

image

Кыргызстандын  эгемендүүлүк күнүнө карата  Ысык-Көлдө ат оюндары өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Көк бөрү, ат чабыш, эр эңиш жана салбуурун боюнча мелдештер Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында 26-31-август күндөрү уюштурулат.

Оюндарды өткөрүүгө 3 млн. 697 миң сом каралган.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз