Жаңылыктар
2 , Окт, 13:56 252

Пайгамбардын сүрөтү алты миллион еврого бааланды

image

Чимабуэ аттуу каймана атка ээ белгилүү сүрөтчү Ченни ди Пепонун Ыйса пайгамбар жөнүндөгү сүрөтү алты миллион еврого бааланды. 13- кылымдагы флоренциялык сүрөтчүнүн көп жыл мурдагы эмгеги Компьень шаарындагы жеке үйлөрдүн биринин ашканасында илинип турган. Кожойке сүрөттүн кайсы жактан келгенин билген эмес. 

Жөн гана эски сүрөт деп ойлогон. Бир канча убакыт өткөн соң, аял аны адистерге алып барган жана алар сүрөт кымбат турарын айтышкан. Сүрөттө Ыйса пайгамбардын жашоосунун акыркы күндөрү чагылдырылган. Эмгек жакынкы күндөрү Францияда аукционго коюлушу күтүлүүдө.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз