Жаңылыктар
20 , Март, 14:08 599

Спортчулар коронавирус аныкталган өлкөгө чыгып кетишсе, курама командадан чыгарылат

image

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчиси машыктыруучуларды курама командалардын окуу-машыгуу жыйындарын карап чыгууну жана спортчуларды карантин убагында аймактарга үйлөрүнө жөнөтпөгө чакырды. Спортчулар даярдануудан тышкары тереңдетилген медициналык текшерүүдөн өтө алышат, окуу-машыгуу жыйындар өтө турчу жайларда санитардык коопсуздук боюнча чаралар күчөтүлөт. Бул тууралуу аталган агенттиктин басма сөз кызматы кабарлады.

Спортчулар жана машыктыруучулар Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигинин бардык сунуштарын аткарышы керек. «Карантин учурунда өзүңөрдүн бардык кыймыл-аракеттериңерди Спорттук-реабилитация борборунун дарыгерлери менен макулдашып туруу керек. Биз башкаларга жеке гигиенаны сактоо боюнча үлгү көрсөтүшүбүз керек», – деп комушчалап кетти.

Канат Аманкулов белгилеп кеткендей, эгерде спортчулар коронавирустук инфекция аныкталган өлкөнүн аймактарына чыгып кетишсе алар өлкөнүн улуттук курама командасынан чыгарылат.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз