Жаңылыктар
19 , Окт, 16:31 891

Казакстанда коронавирустан улам спортчулардын чет өлкөгө чыгышына тыюу салынды

image

Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдан улам казак спортчуларынын чет өлкөгө чыгуусуна тыюу салды. Эми алар окуу-машыгуу, мелдеш үчүн тышка чыга алышпайт.

Маалыматка караганда, Казакстандын футбол, баскетбол боюнча “Астана” жана “Барыс” хоккей клубдары календардык оюндар үчүн тышта жүрүшөт. Алар үчүн өзүнчө чечим кабыл алынат.

Мындан тышкары Казакстан Украина, Бириккен Араб Эмираттары, Германия жана Беларус республикасы менен аба каттамдарынын санын азайтты; айдоочулар үчүн ПЧР тестирлөө киргизилди.

18-октябрга карата Казакстанда коронавирус инфекциясы дагы 102 кишиден аныкталды. Жалпысынан COVID-19 вирусун жуктургандардын саны 109 508ге жетти.

Ковид типтүү пневмония 51 кишиден аныкталып, расмий статистика боюнча жалпысынан 35 914 адамдын өпкөсү кагынган. Соңку эки жарым айда пневмониядан 386 киши өлдү.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз