Жаңылыктар
24 , Июнь, 5:28 1978

Алтынай Тынышова: Иньестаны курамдан “жоготуудан” корком

image Алтынай Тынышова

Каарманыбыз Алтынай Тынышова футболду берилип көргөндөрдүн катарын толуктайт. Атүгүл фейсбуук баракчасында  Футбол дүйнөсүндө аталышындагы тайпасы бар. Ал жака футболдо болуп жаткан  маанилүү жаңылыктарды жазып, талкууга "жем" таштайт. Дал ушул селкиге суроо салып кайрылып көрдүк.

Биринчи радио: Футболго эмне болуп кызыгып калдың?

Алтынай Тынышова: Талас шаарында Next FM деген радио бар. Ошол жакта иштеп жүргөндө футбол боюнча Чемпиондор лигасын көрө баштадым. Негедир ар бир беттешти көргөн сайын өзүнө арбап, кызыгуумду арттырды. Футбол тууралуу бир аз түшүнүк пайда болгон соң, эфирге алып чыгуу керек экен деген ой туулду. Анан Евро-2012 таймашы келип калды. Ал жайда, түндө саат 3-4кө чейин футбол көрүп, кайра таңкы эфирге барып, болуп өткөн беттеш жөнүндө айтып берчүмүн. Футболго байланыштуу элдин пикирин айттырып, алдыда боло турган оюндун эсебин туура тапкан угарманга белек берип, айтор менин жашоом футбол болуп калган. Канчалык көп эл менен футбол тууралуу баарлашсаң, ошончо көптү билип калат экенсин.

Биринчи радио: Футбол боюнча кайсы курама командага күйөрмандык  кыласың?

Алтынай Тынышова: Испания курамасы мага жагат. Алардын оюнчуларынын көбү Барселона клубунда ойногону үчүн дал ушул футболдук команданын күйөрманымын.

Биринчи радио: Испания курамасы жагат дейсиң, анын себеби эмнеде?

Алтынай Тынышова: Биринчиден ойноо техникасы, экинчиден оюнчуларынын жөнөкөйлүгү. Анан дагы алардын курамында “красавчиктер жок”. (күлүп) Баары тең майдан талаасында футбол үчүн жүргөндөр. Бири-бирин оюн маалында жакшы түшүнүшөт. Өзгөчө Карлес Пуйоль менен Хавьер Эрнандес Креу барда оюнга көзүм тойчу. Азыр болсо Иньестаны курамдан “жоготуудан” корком.

Биринчи радио: Испандык футболчуларды жөнөкөй дейсиң. Ырчы Шакиранын күйөөсү Жерар Пикени да жөнөкөй оюнчу деп эсептейсиңби?

Алтынай  Тынышова: (күлүп)  Жерар Пикеден башкалары жөнөкөй.

Биринчи радио: Кокус Неймар Реалга кете турган болсо анын ордуна кимди көргүң келет?

Алтынай  Тынышова: (күлүп) Кетсе жакшы эле болот. Неймар өзү Реалга жарашыктуу оюнчу да. Анын ордуна Дибала келет деп жатышат го.

Биринчи радио: Маегиңизге рахмат.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Көп окулууда