Жаңылыктар
13 , Нояб, 13:34 180

Марат Табалдиев Японияда өткөн жиу-житсу турниринде алтын медаль жеңип алды

image

Кыргызстандык Марат Табалдиев Японияда өткөн чеберлер арасындагы жиу-житсу боюнча эл аралык мелдеште алтын медаль жеңип алды.

Үчүнчү All Japan Jiu-Jitsu Masters турнири 8-ноябрда Токиодо болуп өттү. Табалдиев мелдеште көк курлар боюнча 30-35 жаштагы спортчулар арасында эки салмак категориясында катышты.

70 килограммга чейинки салмак категориясында Япония, Кыргызстан жана Монголиядан 5 спортчу жолуккан. Табалдиев чейрек финалдан жапон Хироси Кондону жеңип, жарым финалда Япониянын дагы бир өкүлү Сатоши Комацудан күчтүү болгон.

Финалдык беттеште кыргызстандык спортчу монголиялык Тогоху Наранбат менен кез келип, күмүш байгеге ээ болгон.

Ал эми 76 килограммга чейинки салмак ченинде Табалдиев жарым финалда Монголиядан келген спортчу Наранбаттан реванш алып, Сатоши Камацуну финалда жеңип, турнирдин жеңүүчүсү аталган.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз