Жаңылыктар
24 , Дек, 14:13 1381

«Салам-Алик» – волейбол боюнча республикалык чемпионаттын кыз-келиндер клубдук командалары арасында жеңүүчү аталды

image

Бүгүн, 23-декабрь күнү, Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда (Бишкек шаары) кыз-келиндер арасындагы Кыргыз Республикасынын волейбол боюнча чемпионатынын жеңүүчүлөрүн жана байгелүү орундардын ээлерин сыйлоо аземи болуп өттү.

Иш-чарага Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Жоомарт Шамканов жана Кыргыз Республикасынын волейбол федерациясынын вице-президенти Жениш Кызалаков катышты.

Мелдештин чемпиону болуп Бишкек шаарынын «Салам-Алик» командасы аталды. Күмүш медалды да Бишкек шаарынын «Улар» командасы тагынды. Чемпионаттын коло байгесин «Дордой» командасы (Бишкек шаары) жеңип алды.

Жеңүүчү жана 2,3-орундарды ээлеген командалар кубок жана медалдар менен сыйланышты.

Чемпионат Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жана Кыргыз Республикасынын волейбол федерациясы тарабынан өткөрүлдү.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын сезонунда чемпионатта жалпы кыздар арасында 6 команда беттешти.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз