Жаңылыктар
5 , Янв, 14:07 445

Футзал боюнча «Наристе-2021» мелдеши старт алды

image

3-январда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда (Бишкек шаары) футзал боюнча «Наристе-2021» салттуу мелдеш старт алды.

Мелдештин ачылыш аземине Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев, мелдештин калыстары жана катышуучулары катышышты.

Канатбек Арпачиев бардык катышуучуларды мелдештин башталышы менен куттуктап, адилеттүү оюнду, ийгилик жана жеңишке умтулууну каалап кетти.

Бул жылы футзал боюнча «Наристе-2021» мелдешине Талас жана Жалал-Абад облустарынан тышкары өлкөнүн бардык облустарынан келген 57 команда катышып жатат.

Футзал боюнча мелдеш футзалды туруктуу өнүктүрүү жана аны республикада жайылтуу, ардагерлер арасындагы футзал мелдешин уюштуруу максатында өткөрүлүп жатат.

Мелдештин уюштуруучусу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдында Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча Дирекциясы.

Мелдеш 2021-жылдын 8-январга чейин өткөрүлөт.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз