Жаңылыктар
15 , Фев, 12:01 420

Жеңил атлетика боюнча уландар курама командасы эл аралык мелдешке катышат

image

Жеңил атлетика боюнча Кыргыз Республикасынын уландар арасындагы улуттук курама командасынын мүчөлөрү 25-28-февраль  күндөрү Минск шаарында (Белоруссия) өтө турчу эл аралык мелдешке катышат.

Аталган мелдеште Кыргыз Республикасынын жеңил атлетика боюнча уландар курама командасы төмөнкү курамда көрсөтүлгөн:

1. Ева Кадырова, СЧ;

2. Айнуска Калил кызы, СЧТ;

3. Карина Данилина, СЧ;

4. Сабина Батаджиева, СЧТ;

5. Артем Питченко, 1-разряд; 

6. Рустам Рустамов, 1- разряд;

7. Акжол Токтосунов, 1- разряд;

8. Эльдияр Кадыров, 1- разряд;

9. Тимур Токтобаев, машыктыруучу;

10. Куштарбек Таштанбеков, улук машыктыруучу.

Белгилей кетсек,  спортчулар Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын негизги республикалык жана эл аралык мелдештердин календарлык планына ылайык иш-сапарга жөнөтүлөт. 

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Көп окулууда