Жаңылыктар
22 , Фев, 10:14 197

Жеңил атлетиканын "кросс" түрү боюнча чемпионат өтөт

image

Борбор калаада жеңил атлетиканын "кросс" түрү боюнча өлкө биринчилиги өтөт. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чемпионат 14-март күнү Кара-Жыгач сейил багында уюштурулат. Ага 15 жаштагы өспүрүмдөрдөн баштап жогорку окуу жайдын студенттери жана ар кыл курактагы каалоочулар катыша алат. 

Спортчулар 500 метрден сегиз чакырымга чейинки ар кандай аралыкта ат салышары белгилүү болду.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Көп окулууда