Жаңылыктар
3 , Авг, 11:21 3285

Көчмөн элдин мангала оюну

image

Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы улуттук интеллектуалдык таймаштарынын тизмегине түрктөрдүн мангаласы да кошулган. Кыргызстандыктар оюнду жаңы үйрөнүп баштаганына карабастан, көчмөндөр оюндарында жеңишке жетүүнү көздөөдө. Мангала боюнча мелдешке чыга тургандар дагы аныкталды. Катышуучулар кимдер жана алардын атаандаштарын утууга мүмкүнчүлүгү барбы?

Мангала түрктөрдүн интеллектуалдык жана стратегиялык оюну. Ал биздин тогуз коргоолго окшош. Экөөндө тең акыл калчап ойнош керек. Бирок тогуз коргоолду семичкедей чаккан оюнчулар үчүн мангала кеп деле болчудай эмес. Тактасы менен уячалары окшош болгону менен эки оюндун айырмасы жок эмес. 

15 жаштагы Акылбектин мангаланы үйрөнө баштаганына жарым жыл да боло элек. Бирок жакында эле Чехияда болгон интеллектуалдык олимпиадада биринчи орунду алды. Мындан улам, мангала Кыргызстан жаңы эле баш бакканына карабастан, көчмөндөр оюндарында кыргыз оюнчулары ийгиликти имерет деген ишеним бар.

Мангала боюнча Кыргызстандын атынан чыкчу оюнчулардын сап башында Акылбек турат. Мындан тышкары 7 адам бар. Алардын төртөө негизи оюнчулар, калгандары беленделип даяр турат.

Мына ушул аксак-тескегин үйрөнүүгө интернет менен оюндун мекени болгон түрктөр жардамга келүүдө. Негизи Кыргызстанда мангала боюнча атайын федерация түзүлө элек. Азырынча тогуз коргоол федерациясындагылар мангала боюнча көчмөндөр оюнуна катышуучуларды даярдоодо.


Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Көп окулууда