Жаңылыктар
12 , Авг, 15:46 2821

Изат Артыков мекенине келди

image

Бразилиядагы жайкы олимп оюндарына катышып кайткан спортчуларды бүгүн эртең менен кыргызстандыктар салтанат менен тосуп алышты. 

Алардын арасынан мекенине коло медаль алып келген оор атлетчи Изат Артыковго урмат-сый көрсөтүлүп, ага жана анын машыктыруучуларына ак калпак, чепкен кийгизилди. 

Дүйнөлүк мелдеште Кыргызстандын байрагын желбиретип, өлкөнүн куржунуна биринчи медал салган, элдин сыймыгына айланган Изат Артыковду тосуп алууга “Манас” аэропортуна кичи мекени Токтогулдан жакындары, Россиядан бир тууган эжеси жана көптөгөн адамдар чогулган. Алар Изатты асманга көкөлөтө көтөрүп кубанышты. 

Спортчу жеңишке дем берген жалпы мекендештерине жана машыктыруучуларына ыраазычылык билдирип, алган байгесин кыргыз элине жана апасына арнаганын белгиледи. Аэропорттон чыккан жоон топ унаа Бишкектин көчөлөрүн кыдырып, кыргыз желегин желбиретип спортчу жеңиш менен келгенин жар салышты.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Көп окулууда