Жаңылыктар
27 , Июль, 16:59 329

Токио Олимпиадасы: Денис Петрашов 18-орунга жайгашып, жарым финалга чыга алган жок

image

Кыргызстандык спортчу Денис Петрашов Токиодогу Олимпиада оюндарында 200 метр аралыкка сүзүү боюнча мелдешке катышып, жарым финалга чыга албай калды.

27-июль күнү  Петрашов брасс стилинде  200 метр аралыкка сүзүү боюнча жарышка катышкан. Мелдешке жалпы 40 спортчу жарыяланып, алар 5ке бөлүнүшкөн. 

Петрашов экинчи кезектеги спортчулар менен жарышып, алардын арасынан 2 мүнөт 10,07 секунд менен биринчи келди.  

Бирок жарыштын жалпы жыйынтыгында кыргызстандык спортчу 18-орунду ээлеп, жарым финалга чыга албай калды.

Белгилей кетсек, 24-июль күнү кыргызстандык суучул брасс стилинде 100 метр аралыкка сүзүүнүн  жалпы жыйынтыгында 27-орунду ээлеген.



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз