Жаңылыктар
7 , Авг, 11:38 942

Олимпиаданын жабылышында Эрназар Акматалиев туу көтөрөт

image

Токио шаарында өтүп жаткан ХХХII жайкы олимпиада оюндарынын жабылыш аземинде Кыргызстандын туусун балбан Эрназар Акматалиев көтөрүп чыгат. Бул тууралуу Токиодон Кыргызстандын олимпиадалык командасынын басма сөз катчысы, спорттук баяндамачы Кабыл Макешов билдирди. 

Келечектен көптү үмүттөндүргөн 22 жаштагы балбан жети жашынан бери күрөш менен машыгып келе жатат. 2015-жылы Индияда өткөн өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпионатында коло байгенин эсси болгон. Ал 6-августта Азиянын эки жолку чемпиону индиялык 27 жаштагы Баджранг Пуния менен теңата 3:3 эсебинде күрөшүп, калыстар артыкчылыкты индиялык балбанга ыйгарышкан.

 23-июлда расмий башталган Токио олимпиадалык оюндарына Кыргызстандан 16 спортчу катышты. Кыргызстандык спортчулардын он үчү байгеге жетпей калса, балбандар Айсулуу Тыныбекова менен Акжол Махмудов күмүш байгенин ээси болду, Мээрим Жуманазарова коло медаль тагынды. Байгелердин жалпы көрсөткүчү боюнча 2 күмүш, 1 коло медалы менен Кыргызстан учурда 68-орунда. 

Ушундай жетишкендиктер менен кыргызстандык спортчулар Токио олимпиадасын жыйынтыктады.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Көп окулууда