Жаңылыктар
19 , Авг, 14:52 2435

Көчмөндөр оюндарына билеттер сатыла баштады

image

Билет сатып алуу үчүн өздүгүн тактаган документ болушу керек. Билет саткан кассаларда атайын техникалар орнотулган. 

Анда жарандар сүрөткө тартылып, системага сакталып калат. Жарандардын аты-жөнү документтеги жазууга шайкеш келүүсү абзел. Бул катышуучулар менен көрүүчүлөрдүн коопсуздугун сактоо аракети. 

Ал эми кассага бара албагандар менен чет өлкөлүк жарандар билетти уюлдук телефон аркылуу сатып алганга мүмкүнчүлүгү болот. Бардыгы болуп 10 миң билет чыгарылган, баасы орундарга жараша 300дөн 3 миң сомго чейин болот.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Көп окулууда