Жаңылыктар
6 , Сент, 6:20 3883

Кыргызстан курамасы медалдык эсеп боюнча 6-орунда турат

image

Көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөн мелдеште, Кыргызстан курама командасы медалдык эсеп боюнча 6-орунда турат. Башкы сапка Россия командасы жазылды. Карамагында 10 алтын, 2 күмүш жана 4 коло медаль бар. Ал эми анын соңунда Азербайжан жайгашып, 4 алтын, 4 күмүш жана 5 колону эсебине жазды. 

Казак командасы болсо 3-орунга чыгып, спортчулары 4 алтын, 3 күмүш, 3 колону тагынышты. 

Ал эми Кыргызстан курамасы 62 өлкөнүн ичинен 6-орунга жетип, азырынча 1 алтын, 6 күмүш жана 12 колону капчыктарына салды. Бүгүн саат 14:00дө кыргыз күрөшү боюнча мелдештер башталат. Бул кармашта кыргыз спортчулары медаль алат деп үмүтөнүп туралы.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Көп окулууда