Жаңылыктар
8 , Сент, 12:31 5797

Эмки Көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өтөт

image

Эмки Көчмөндөр оюндары кайрадан Кыргызстанда өтөт.

Бул тууралуу Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков журналисттерге үчүн уюшулган маалымат жыйынында билдирди. 

Анын айтуусунда, Көчмөндөр оюндары кыргыз элин бириктирип, ынтымактуу жашоого түртөт.

Сапар Исаков: Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын урааны: “Күч биримдиги! Рух биримдиги!” Биздин оюндар күч менен акылдын, руханий күчтүн тең салмагын даңазалап турат. Улуттук оюндарыбыз элибиздин башын бириктирүүдө. Ошондой эле ар 2 жыл сайын Көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өтүп турат. III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына азыртадан даярдык көрө баштайбыз. Мамлекеттик бюджетке оорчулук келтирбөө үчүн, каражатты тышкы булактардан издейбиз.

 Кошумчалай кетсек, I Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары да Ысык-Көлдө өткөн.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Көп окулууда