Жаңылыктар

Мекендешибиз чемпиондук титулун сактап калды image

19 Нояб, 2016 1313

Кыргызстандык тайбоксчу Антонина Шевченко чемпиондук титулун сактап калды. 

Сентябрь айында эл аралык уюм Шевченкону "Lion Fight 31" турниринин алкагында чемпиондук титулун коргоого чакырган. 

Ал италиялык Паоло Капуччи менен беттешип, жеңип алган. 

Октябрдын башында аталган уюм Шевченко менен голландиялык дүйнө чемпиону Илона Вийманстын беттешүүсүн уюштурган. Коннектикут штатында өткөн таймашта, калыстар тобу бир добуштан жеңишти Шевченкого ыйгарышты.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз