"Ала-Тоо" маалымат программасы: шаршемби, 31.10.2018 (21:00) 31 Окт, 2018 568

1. Электрондук ыкмага өтсөк - калктын жүгү женилдейт! Бүгүн өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Бакыт Шаршембиев менен Дастан Догоевди кабыл алып, санариптик трансформация долбоорун талкуулады.

2. Кыргызстанда Борбор Азияда биринчи жолу курула турган эл аралык өнөр жай паркынын пайдубалына капсула салынды. Иш-чарага өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев да катышты.

3. Баланызды кызмамыкка каршы эмдөөдөн өткөрүнүз! Өлкөдө кызамык дарты менен даарыгерлерге кайрылгандар арбыды. Бул илдетке айрыкча 6 жашка чейинки балдар көп кабылууда.

4. КТРКдан көрсөтүлүп жаткан "Ак шоола" сериалы аз убакыттын ичинде көрүүчүлөрдүн арзуусуна ээ болду. Интернетте болсо көрөрмандарынын саны миллиондон ашты.