Жумакайрык: жекшемби, 14.04.2019 (21:00) 14 Апр, 2019 649

1.Өлкөдөгү коомдук саясий абал, Кыргызстандын мындан аркы өнүгүү жолу жана акыркы бир жарым жылда аткарылган иштердин жыйынтыгы президент Сооронбай Жээнбековдун парламентте чыгып сүйлөгөн сөзүндө тизмектелди. Өлкө башчы атаган багыттарды программанын жүрүшүндө талдайбыз.

2. Кыргызстанда мугалимдердин айлык акысы алардын үй бүлөсүн бакканга жетпейт. Балдарга татыктуу билим берүү үчүн эжей агайлардын айлыгы канча болушу керек? Муну азыркы учурда өкмөт эсептеп жатат жана ушул күздө мугалимдердин айлык маянасы көтөрүлмөкчү.

3. Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупция боюнча соттук отурум уланууда. Өлкөдөгү ири көмүскө схемалардын башаты болгон ЖЭБ иши жана башка коррупциялык иштер тууралуу биздин кабарчылардын репортажы...

4. Кыргызстандын спорт жаатындагы жетишкендиктери. Ушул аптада өлкөгө UFC чемпиону, мушкер Валентина Шевченко келди. Мекендешибиз Айжан Сьездбекова шахмат боюнча дүйнөлүк биринчиликте жеңүүчү аталса, өлкөнүн жаш өспүрүмдөрдөн турган футбол командасы Россиянын Сочи шаарында өткөн "Келечектеги легендалар кубогу - 2019" кубогуна ээ болушту.