Жумакайрык: жекшемби, 21.04.2019 (21:00) 21 Апр, 2019 555

1.Ош шаары түрк дүйнөсүнүн маданий борбору. Мындай аталыштагы эл аралык салтанат Ош шаарында 20-апрелде расмий старт алды. 3 миң жылдык тарыхы бар байыркы калаа учурда бүтүндөй түрк дүйнөсүнүн көңүл борборунда жана ага миңдеген туристтер келип таанышууда.

2. Кыргызстан менен Германиянын кызматташтыгын жаңы деңгээлге көтөрүү аракети. Дүйнөнүн алдыңкы экономикаларынын бири болгон өлкөгө президент Сооронбай Жээнбеков расмий сапар жасап, миллиард еврого бир катар тармактар боюнча келишимдер түзүлдү.

3. Акыркы бир жыл ичинде өлкөнүн көзөмөл органдарынын иши канчалык өзгөрдү? Коррупцияга каршы күрөш, жарандардын укугун коргоо багытында жана коомчулукта кызуу талкуу жараткан иштер боюнча жыйынтык чыгарылды. Башкы прокурордун парламенттеги отчетуна адистердин баасы.

4. Медициналык тез жардам кызматы автоматташтырылган бирдиктүү башкаруу системасын ишке киргизди. Бул өз кезегинде электрондук кызмат көрсөтүү ыкмасын жакшыртып, тез жардам көрсөтүүнүн убактысын тездетмекчи. Мекеменин иши менен ушул аптада өкмөт башчы таанышты.